Кыргыз Республикасында мамлекеттик сатып алууларын жүргүзүү регламенти

30/04/2021
1881 | 0
Калиева Аян Аскатовна
Илимий - изилдөө иш

И.Раззаков атындагы КМТУнун 3-курсунун студенти,
Кыргыз-Герман техникалык институту,
багыты Логистика

Аннотация: Макалада мамлекеттик сатып алуулардын саттып алуу ыкмаларына ылайык жүргүзүү эрежелери талкууланат.

Ачкыч сөздөр: "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулары жөнүндө" Мыйзам, мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы, сатып алуунун ыкмалары.

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулары жөнүндө" Мыйзамына ылайык, 1. мамлекеттик сатып алуулар төмөнкүдөй усулдар аркылуу ишке ашырылат:

  1. бир этаптуу усул;
  2. эки этаптуу усул;
  3. жөнөкөйлөтүлгөн усул;
  4. бааны төмөндөтүү усулу;
  5. келишимди тикелей түзүү усулу.

1) Бир этаптуу усул аркылуу конкурс:

Мамлекеттик сатып алуулардын негизги усулу болуп бир этаптуу усул саналат. Бир этаптуу усул менен конкурс өткөрүүдө сатып алуулардын жол-жоболоруна катышууну каалаган берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) саны чектелбейт.

Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун бир этаптуу усулу аркылуу конкурс негизги усул болуп саналат жана баадан бөлөк сапатын белгилөө зарыл болгондо колдонулат.

2) Эки этаптуу усул аркылуу конкурс:

2.1) Эки этаптуу усул аркылуу конкурс төмөнкүдөй учурларда өткөрүлөт:

а) сатып алуучу уюм сатып алынуучу товарлардын, жумуштардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн өзгөчөлүү, техникалык мүнөздөмөлөрүн жана сапаттык көрсөткүчтөрүн күн мурдатан аныктай албаса жана сатып алууларда сатып алуучу уюмдун керектөөлөрүн болушунча канааттандыруучу чечимди табуу үчүн берүүчүлөр (подрядчылар) менен талкуулоону жүргүзүү зарыл болсо;

б) сатып алуулардын предмети болуп изилдөө, эксперимент, илимий корутунду даярдоо же башка адистешкен кызматтарды көрсөтүү саналса.

2.2) Эки этаптуу усул аркылуу конкурс эки этапта жүргүзүлөт, мында:

а) биринчи этапта конкурстук документацияда берүүчүлөргө (попрядчыларга), алардын конкурстук табыштаманын баасы көрсөтүлбөгөн сунуштарын камтыган баштапкы конкурстук табыштамаларды берүү сунуш кылынат. Конкурстук документация сатып алуулардын предметинин техникалык, сапаттык же эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүнөн гана, ошондой эле берүүнүн келишимдик шарттарынан жана берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) квалификациялык дайындарынан турууга тийиш;

б) биринчи этапта сатып алуучу уюм баштапкы конкурстук табыштамалары ушул Мыйзамдын жоболоруна ылайык четтетилбеген берүүчүлөр (подрядчылар) менен алардын баштапкы конкурстук табыштамаларынын кайсы болбосун аспекттери боюнча талкуулоолорду жүргүзүшү мүмкүн. Эгерде сатып алуучу уюм кандайдыр бир берүүчү (подрядчы) менен талкуулоону өзүнчө же биргелешип жүргүзсө, ал мындай талкуулоолорго ушундай эле шарттарда катышууну бардык берүүчүлөргө (подрядчыларга) карата камсыздайт. Эгерде биргелешкен талкуулоолорду жүргүзүү берүүчүнүн (подрядчынын) мыйзамдуу коммерциялык кызыкчылыктарына зыян келтирсе же ак ниет атаандаштыкка тоскоол болсо гана, ар бир берүүчү (подрядчы) менен өзүнчө талкуулоого уруксат берилет;

в) биринчи этаптын натыйжалары боюнча протокол түзүлөт, анда эки этаптуу конкурстун биринчи этабын жүргүзүүнүн орду, датасы жана убактысы жөнүндө маалыматтар, катышуучунун аталышы (юридикалык жак үчүн), фамилиясы, ысымы жана (болсо) атасынын аты (жеке жак үчүн) жана ар бир катышуучунун дареги көрсөтүлөт;

г) биринчи этапта табыштама берүүнүн мөөнөтү бүткөндөн кийин бир гана табыштама берилген же бир дагы табыштама берилбеген учурда, эки этаптуу конкурс өткөрүлгөн жок деп таанылат;

д) эки этаптуу конкурстун жол-жоболорунун экинчи этабында сатып алуучу уюм баштапкы конкурстук табыштамалары биринчи этапта четтетилбеген бардык берүүчүлөргө (подрядчыларга) сатып алуулардын кайра каралган шарттарын эсепке алуу менен баалары көрсөтүлгөн акыркы конкурстук табыштамаларын берүүнү сунуштайт;

е) сатып алуучу уюмга сатып алуу предметин алмаштырууга тыюу салынат, бирок сатып алуу предметинин сыпаттамасынын аспекттерин төмөнкүдөй жолдор аркылуу тактоого уруксат берилет:

1) сатып алуу предметинин техникалык, сапаттык же эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүндөгү баштапкы көрсөтүлгөн кайсы болбосун аспектти алым салуу же өзгөртүү же ушул Мыйзамдын талаптарына жооп берген кайсы болбосун талаптарга жооп берүүчү жаңы мүнөздөмөлөр менен толуктоо;

2) эгерде бул критерийлер сатып алуулардын предметинин техникалык, сапаттык же эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүгө тиешелүү болсо, ушул Мыйзамдын талаптарына жооп берген жаңы критерийлерди кошуп алганда, конкурстук табыштамаларды кароо же баалоо үчүн баштапкы көрсөтүлгөн кайсы болбосун критерийди алып салуу же өзгөртүү;

3) кайсы болбосун алып салуулар, өзгөртүүлөр же киргизүүлөр жөнүндө берүүчүлөргө (подрядчыларга) акыркы конкурстук табыштамаларды берүүгө чакыруу катта билдирүү.

2.3). Конкурстун катышуучуларына карата бирдиктүү талаптар коюлат.

Эки этапта катышкан жана келишимди аткаруунун мыкты шарттарын сунуштаган конкурстук табыштама конкурстун жеңүүчүсү деп таанылат.

2.4). Эки этаптуу усулга катышууга акыркы табыштаманы берүү мөөнөтү аяктагандан кийин бир эле табыштама берилген же бир дагы табыштама берилбеген учурда же болбосо бир эле табыштама ушул Мыйзамдын жана конкурстук документациянын талаптарына ылайык келет деп таанылган учурда, же болбосо конкурстук комиссия бардык табыштамаларды четке каккан учурда, эки этаптуу конкурс өткөрүлгөн жок деп таанылат.

3. Жөнөкөйлөтүлгөн усул аркылуу конкурс

3.1). Жөнөкөйлөтүлгөн усул аркылуу конкурс максималдуу, атайын даярдоону талап кылбаган даяр товарларды, конкреттүү сыпаттамасы бар жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү максималдуу босоголук суммадан төмөн суммада сатып алууну ишке ашырган учурда пайдаланылат.

3.2). Атаандаштыкты жана натыйжалуу тандоону камсыздоо үчүн жөнөкөйлөтүлгөн усул аркылуу конкурсту өткөрүүдө сатып алуучу уюм экиден кем эмес берүүчүлөрдүн (подрядчылардын) товарларга, жумуштарга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон конкурстук табыштамаларын карайт. Ар бир берүүчүгө (подрядчыга) бир гана конкурстук табыштаманы, берүүгө уруксат берилет жана аны алмаштырууга уруксат берилбейт. Сатып алуучу уюмдун жана берүүчүнүн (подрядчынын) ортосунда ушул берүүчү (подрядчы) тапшырган конкурстук табыштамага карата эч кандай сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөйт. Сатып алуучу уюмдун керектөөлөрүн канааттандырган, эң төмөнкү бааны сунуштаган алгылыктуу конкурстук табыштама жеңип чыккан конкурстук табыштама деп эсептелет.

4. Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурс

4.1). Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурс өткөрүүнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

4.2). Сатып алуучу уюм бааны төмөндөтүү усулу аркылуу товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну төмөнкүдөй учурларда жүргүзө алат:

а) эгерде товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр белгиленген сапат стандарттарына жана кызмат көрсөтүүлөрдүн конкреттүү сыпаттамасына ээ болсо;

б) эгерде натыйжалуу атаандаштыкты камсыздоо үчүн үчтөн кем эмес берүүчүлөрдөн турган атаандаштык рыногу болсо.

4.3). Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурс мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында реалдуу режимде өткөрүлөт, анда товар же кызмат көрсөтүү үчүн сатып алуучу уюм өзү төлөөгө даяр баштапкы бааны белгилейт, ал эми берүүчүлөр болсо баанын деңгээлин улам азайтуу менен өз сунуштарын беришет.

4.4). Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоодо сатып алуучу уюм пайдалануучу критерийлер сандык жана акчалай түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.

4.5). Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурстун жеңүүчүсү болуп эң төмөнкү бааны сунуштаган берүүчү саналат. Бир нече берүүчү эң төмөнкү бааны сунуштаган учурда башка берүүчүлөрдөн мурда сунуш берген берүүчү жеңүүчү деп таанылат.

5. Келишимди тикелей түзүү усулу аркылуу сатып алуулар

Түздөн-түз келишим түзүү жолу менен сатып алуулар - мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосу, анда сатып алуучу уюм веб-порталдагы келип түшкөн конкурстук табыштамалардын (сунуштардын) арасына же веб-порталдын электрондук каталогунда бааларга мониторинг жүргүзгөндөн кийин (4-берененин 6, 11, 15 жана 17-пункттарын кошпогондо) сатып алуулар жөнүндө келишимге кол коет. Эгерде веб-порталга конкурстук табыштамалар (сунуштар) түшпөсө, сатып алуулар кагаз түрүндө конкурстук табыштамаларга (сунуштарга) суроо-талап аркылуу кайрадан мониторинг жүргүзүү жолу менен жүргүзүлөт.

Сатып алуучу уюм жөнөтүүчүлөрдөн (подрядчылардан) тендердик табыштамага кепилдик берген декларацияга кол коюуну талап кылышы мүмкүн. Жеткирүүчү (подрядчы) ушул Мыйзамдын 27-беренесинде каралган, сатып алуучу уюм тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарды аткарууга милдеттүү.

Жогоруда көрсөтүлгөн сатып алуулардын ыкмаларына жараша, мамлекеттик сатып алуулардын негизги пункттарын жана регламенттерин төмөнкү таблицада бөлүп кароого болот:

1 таблица:

Усулдар Катышуучу-лардын саны Бөлүнүүгө тийиш болгон сумма Басым, артыкчылык же приоритет Жеткирүүчү тастыкталуучу билдирүү Сатып алуучу уюм тарабынан ырасталышы Тынч мезгили
1 этаптуу Эгерде баага кошумча башка критерийлерди белгилөө зарыл болсо, акырында бааларга котировка жүргүзүлөт 1 календардык күндүн ичинде 3 жумушчу күндүн ичинде 10 календардык күндөн эрте эмес жана 30 календардык күндөн ашык эмес
2 этаптуу 2 катышуучудан кем эмес 1-этап квалификациялык талаптарга шайкештиги жана техникалык шарттарга шайкештиги, 2-этап баалардын котировкасы 1 календардык күндүн ичинде 3 жумушчу күндүн ичинде 10 календардык күндөн эрте эмес жана 30 календардык күндөн ашык эмес
Жөнөкөйлөтүлгөн 2 катышуучудан кем эмес Жылына ар бир чыгымдын статьясы боюнча максималдуу босого суммасына чейин Жеңишке ээ болгон конкурстук табыштама деп эң арзан баадагы табыштама саналат. Баа андан кийин сапат. 1 календардык күндүн ичинде 1 жумушчу күндүн ичинде 10 календардык күндөн эрте эмес жана 30 календардык күндөн ашык эмес
Бааны төмөндөтүү усулу аркылуу конкурс 3катышуучудан кем эмес Эң төмөнкү баа сунуштаган жеткирүүчү конкурстун жеңүүчүсү деп эсептелет. 1 календардык күндүн ичинде 1 жумушчу күндүн ичинде 10 календардык күндөн эрте эмес жана 30 календардык күндөн ашык эмес
Келишимди тикелей түзүү усулу Минималдуу босого суммага чейин же Баа же сапат 1 календардык күндүн ичинде 1 жумушчу күндүн ичинде 10 календардык күндөн эрте эмес жана 30 календардык күндөн ашык эмес

Сатып алуунун бардык ыкмаларында келишим түзүү катышуучунун конкурстук табыштамасынын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин жүргүзүлөт.

Жогоруда аталган сатып алуулардын бардык ыкмалары: товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр сыяктуу сатып алуулардын түрлөрүн сатып алууда колдонулат.

Сатып алууларды жүргүзүүдө, конкурс түзүлүп жана жарыяланган учурдан тартып, конкурстун жеңүүчүсү менен келишим түзүлгөнгө чейин жана ушул келишим ийгиликтүү аяктаганга чейин, сатып алуулардын регламентин жана эрежелерин сактоо "Мамлекеттик сатып алуулар” Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттардын тизмеси:

1. 2015-жылдын 3-апрелиндеги №72 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алуулары жөнүндө" Мыйзамы (http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/111125)

2. Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы (http://zakupki.gov.kg/popp/home.xhtml?cid=1)