Логистиканын келечектеги кесибимдеги ролу

14/05/2021
1721 | 0
Бердибаева Чынара
Эссе

Келечектеги кесибим жөнүндө эрте ойлоно баштадым. Бала кезимен бери ар кандай ашпозчулук программаларын, тамак-аш жөнүндө даректүү тасмаларды жана тамак-ашка байланыштуу бардык нерселерди көргөндү жакшы көрчүмүн. Мунун бардыгы менин “өзүмдүн азык-түлүк товарларымды” жаратууга болгон кызыгууну жана кумарды ойготту. Ошондуктан, менин тандоом консервалоочу өндүрүшүнүн технологу кесибине туура келди.

Технолог - бул өнүм чыгаруунун этап-этабы менен технологиясын иштеп чыккан адис. Ал чийки заттын, буга чейин өндүрүлгөн продукциянын сапатын көзөмөлдөйт, эсептөөлөрдү жүргүзөт, керектүү документтерди тариздейт, эгер кемчилик кетсе, анда анын пайда болушунун себептерин табат жана коопсуздук чараларын сактоого көзөмөл жүргүзөт.

Мындай адис уюштуруучулук жөндөмгө ээ болушу керек, мисалы: керектүү чийки заттарды буюртма бергенде, аларды ташыганда жана кабыл алганда, кирешелүү өндүрүш үчүн "продукттун эсебин" чыгаруу үчүн так математикалык акыл менен, жакшы талдоочу болуу жана ошондой эле логистика жаатындагы көндүмдөрдү жана билимдерди түзүү максатында, атаандаштыкка жөндөмдүү болгон жана рынокто жакшы суроо-талапка ээ болгон.

Келечекте мен адис катары ишканадагы бардык этапты көзөмөлдөшүм керек, өндүрүш үзгүлтүксүз иштеши үчүн мен аны чийки зат менен камсыздашым керек, ал эми чийки заттарды кабыл алуу жана сактоо үчүн кампа керек болот, ушул жерден логикалык тутум башталат.

Логистика - бул жүктөрдү ташуу, жеткирүүчүдөнкеректөөчүгө чейин товарлардын кыймылы же “товарлардын оптималдуу кыймылынын логикасын” жөнөкөй чечмелөө. Ишкананын ичинде жана сыртында материалдык башкаруу.

Өндүрүштүк логистика - продукциянын сапаттуу, өз убагында өндүрүлүшүн камсыз кылуу, өндүрүш циклинин кыскарышы жана өндүрүштүк чыгымдарды оптималдаштыруу.

Демек, логистика ишкананын иш-аракеттеринин бардык чөйрөсүн камтыйт: пландаштыруу, ишке ашыруу, чыгымдарды контролдоо, ишкананын материалдарынын кыймылдатуу жана сактоо.

Бүгүнкү күндө логистика кызмат көрсөтүүнүн ажырагыс бөлүгү болуп саналат, биз мыкты продукт өндүрсөк дагы жана керектөөчүгө керектүү чекитке өз убагында, так жеткирүүнү билбесек, анда калган өндүрүш цикли маанисин толугу менен жоготот.