Кыргыз Республикасында соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүүнүн келечеги

18/06/2021
2465 | 0
Бекк Виктория
Исаева Аяна
Султанова Лейля
Илимий - изилдөө иш

3-курстун студенттери,
И.Раззаков атындагы
Кыргыз мамлекеттик техникалык университети,
"Логистика" кафедрасы,
Илимий жетекчиси – э.и.д., проф. Уметалиев Акылбек Сапарбекович

Аннотация: Макалада Кыргыз Республикасынын аймагындагы соода-логистикалык борборлордун өнүгүү келечеги каралат.

Ачкыч сөздөр: СЛБ, айыл чарба, сактоо, логистика, кампалоо.

Азык-түлүк базарынын инфраструктурасы базар субъекттеринин ортосунда материалдык, каржылык жана маалыматтык байланыштардын түзүлүшүн камсыз кылат жана объектилердин, институционалдык түзүмдөрдүн жыйындысы болуп саналат. Рыноктук инфраструктура өндүрүш, жүгүртүү жана керектөө чөйрөлөрүн бирдиктүү чынжырга бириктирип, экономикада материалдык, каржылык жана маалыматтык агымдардын жүгүртүлүшүн тездетип, коомдук өнүгүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшөт. Рыноктун инфраструктурасы соода жана ортомчулук иш-аракеттеринин тутумдарын камтыйт; кампа жайлары; маалыматтык колдоо; таңгактоо өнөр жайы; транспорт кызматы; каржылык, кредиттик жана уюштуруучулук колдоо; базардын катышуучуларын экономикалык жана укуктук жөнгө салуу ж.б. Базар мамилелеринин өнүгүшүнө байланыштуу соода жана ортомчу инфраструктурада сезилээрлик өзгөрүүлөр болуп жатат. Биринчиден, ортомчулук жана сатуу түзүмдөрүнүн мүнөзү жана максаты өзгөрүлүп, тармактык соода түзүмдөрү, дүң жана чекене бирикмелер, соода-логистикалык борборлор (СЛБ) алдыңкы планга чыгууда. Азыркы учурда, Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын сатып алуу, ошондой эле сатуу өзүнөн-өзү болуп жатат, негизинен өстүрүлгөн айыл чарба продукциясы ири, орто жана чакан ачык типтеги базарларда сатылууда. Бул базарларда санитардык, ветеринардык ченемдер жана талаптар сакталбайт, экспресс-анализ жүргүзүүчү лабораториялар жок. Эт жана жашылча-жемиш павильондорунда, тамак-аш азыктарын сатуу интенсивдүү жүргөн жерлерде, айрыкча жай мезгилинде антисанитардык шарттар орун алган. Продукцияларды сатууга жана өндүрүүчүлөрдүн жана сатып алуучулардын кызыкчылыктарын коргоого байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүнүн багыттарынын бири бул республика боюнча СЛБ тармагын түзүү болуп саналат. Мындан тышкары, заманбап СЛБ тармагын өнүктүрүүнүн зарылдыгы өлкө калкын жогорку сапаттагы тамак-аш азыктары менен камсыз кылуу жана экспортко атамекендик айыл чарба продукцияларын сатуу менен байланыштуу.

Соода-логистикалык борбор - бул ар кандай операторлор тарабынан коммерциялык негизде жүргүзүлүп жаткан жергиликтүү жана эл аралык өндүрүүчүлөр үчүн транспорттук, логистикалык жана кайра иштетүү, транзиттик кызматтарды көрсөтүү боюнча атайын борбор. Иштелип чыккан СЛБ тутуму жеткирүү чынжырын кыскартып, товарлардын агымын оптималдаштырат жана берүүлөрдүн маневрлүүлүгүн жогорулатат. СЛБ чийки заттарды жана жарым фабрикаттарды сатып алуу менен финансылык чыгымдары эң төмөн болгон керектөөчүгө даяр продукцияны жеткирүүнүн ортосундагы убакыт аралыгын кыйла кыскартууга мүмкүндүк берет, камдардын кескин кыскарышына өбөлгө түзөт, маалымат алуу процессин тездетет, жана тейлөө деңгээлин жогорулатат. Товар агымдарын оптималдуу уюштуруу үчүн максималдуу натыйжага логистикалык борборлорду логистикалык тармактарга туура интеграциялоо менен гана жетишүүгө болот.

Учурда, аймактарда 12 логистикалык борбор бар, анын ичинде Чүй облусунда – 6, анын ичинде 3 логистикалык борбор убактылуу иштебейт, Ысык-Көл облусунда - 1, Баткен облусунда-1, Ош облусунда - 2, Талас облусунда -1 жана Жалал-Абад облусунда - 4.

Кыргыз Республикасынын аймагында СЛБ андан ары өнүктүрүү үчүн дагы 23 логистикалык борборду куруу пландаштырылууда.

Ушул СЛБду өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө сөз кылып жатып, Кыргызстандын айыл чарбасы экономиканын алдыңкы тармактарынын бири экендигин белгилей кетүү керек. Кыргызстандын калкынын 65% дан ашыгы айыл-чарба тармагында алектенишет. Өлкөнүн ички дүң продукциясынын жалпы көлөмүндө айыл чарбасынын үлүшү олуттуу бөлүктү түзөт - болжол менен 24%.

Соода-логистикалык борборлорду түзүү жана өнүктүрүү айыл чарбасында негизги жана келечектүү багыттардын бири болуп саналат, анткени бул өлкөнүн экспорттук потенциалын жана чек арадагы сооданы өнүктүрүүгө жардам берет.

Жашылча-жемиштерди сактоочу соода-логистикалык борборлорду пайдалануу менен, экологиялык жактан таза жана заманбап айыл чарба технологияларын колдонуп, кыргыз айылдык өндүрүүчүлөрү айыл чарба ресурстарын оптималдуу колдонуп, жогорку өндүрүмдүү жана экологиялык туруктуу айыл чарба тутумдарын түзө алышат.

СЛБ ишинин көйгөйү - толугу күчүндө эмес иштөө, рынокту анализдөө жана божомолдоо, артыкчылыктарды эске албоо, б.а. дыйкандар себилген аянтты туура эмес пайдаланышат жана чыгымга учурашат. Эгиндин тигил же бул түрүн өстүрүү боюнча аларга эч ким сунуштарды иштеп чыкпайт. Ошондой эле, логистикалык борборлордун сапатынын начардыгынан улам, чогултулган продукцияны сатууда көйгөй жаралууда. Көпчүлүк фермерлер чакан дүң сатуучуларга өз продукцияларын арзан баада сатышат, алар кийин өз кезегинде аларды сатышат. Көбүнчө, ар бир дүң ортомчу өз товарларын экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Бул жагынан алганда, ал чыгымдарды да көтөрөт.

Ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кыргызстанда барган сайын соода-логистикалык борборлор ачылууда. Бирок, логистикалык борборду ачуу оңой эмес, ошондой эле борборлордун эффективдүү иштеши үчүн колдо болгон ресурстарды туура пайдалануу жана дүң жеткирүүчүлөр жана дыйкандар менен өз ара аракеттенүү керек.

Кыргыз Республикасында СЛБ өнүктүрүү концепциясына ылайык, борборлор өскөн жер-жемиштерди сактоо, бөлүштүрүү жана ташуу менен байланышкан айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн чыгымдарын азайтууга багытталган. Экспорттун бажы жагынан жол-жоболоштурулушун талаптагыдай сактоо, оптималдуу бөлүштүрүү жана борборлоштурулган жол-жоболор менен продукциянын баасы иш жүзүндө орто эсеп менен 30-50% га төмөндөшү мүмкүн. Эгерде өндүрүүчүдөн баштап акыркы керектөөчүгө чейинки баалар чынжырында тез бузулуучу мөмө-жемиштердин жана кайра иштетилген продукциялардын жоготуулары 40% га чейин жетерин эске алсак, анда жергиликтүү же регионалдык, ошондой эле эл аралык СЛБду куруу жана өнүктүрүү бардык өскөн продукциянын 10-15% га чейин жоготууларды төмөндөтөт.

Чийки заттарды, продукцияларды жана тамак-аш азыктарын бөлүштүрүү үчүн соода жана транспорттук тутумдун өнүгүүсү төмөнкү негизги милдеттерди ар тараптуу чечүүгө мүмкүндүк берет:

- айыл калкынын кирешелеринин өсүшү жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн жашоо сапатынын жогорулашы;

- айылдык калктын иш менен камсыз болушунун деңгээлин жогорулатуу жаңы технологиялык жумуш орундарын сактоо жана түзүү;

- айыл чарба продукцияларын жеткирүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана кыш жана жаз мезгилдеринде калктын азык-түлүккө болгон суроо-талабын канааттандыруу;

- экспорттун өсүшү жана транзиттик потенциалды, өлкөнүн геосаясий жайгашуусун жана автомобиль жолдорун, темир жолдорун жана аба коридор түрүндөгү артыкчылыктарын натыйжалуу пайдалануу;

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба продукцияларына ЕАЭБ талаптарын камсыз кылуу жана ветеринардык, фитосанитардык-санитардык абалды жакшыртуу.

Жыйынтыктап айтканда, ошондой эле, Кыргыз Республикасында СЛБрун куруу жана өнүктүрүү боюнча максаттарды толук ишке ашыруу жана логистикалык борборлорду бирдиктүү логистикалык тармакка оптималдуу интеграциялоо төмөнкүлөргө алып келерин белгилей кетүүгө болот:

- СЛБ тиешелүү катышуучулар үчүн маалыматтык жана тейлөө борбору катары иштейт;

- ири көлөмдөгү сатып алуучулар үчүн бирдиктүү пакет менен стандартташтырылган продукциянын ири партияларында чакан жеке жеткирүүлөрдү консолидациялайт;

- эл аралык сооданы колдоо жана логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү модернизациялоо, тармактарды жана мультимодалдык (аралаш) транспорту менен байланыштыруу аркылуу товарлардын эл аралык коридорлор боюнча өтүшүн жеңилдетүү;

- экспорттун өсүшү, агроөнөр жай комплексинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана мамлекеттин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу;

- дыйкандар Борбор менен келишимдик милдеттенмелерге ылайык өз продукциясын кепилденген сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Ошентип, айыл чарба продукциялары үчүн СЛБ тутумун түзүү базардын инфраструктурасын өркүндөтөт, агрардык сектордун өнүгүшүнө жана Кыргызстандын экспорттук потенциалынын өсүшүнө түрткү берет.