Мен эмне үчүн жана кантип логист кесибин тандадым?

27/09/2021
1378 | 0
Суббач Артем
Эссе

Саламатсыздарбы? Менин атым Артём, жашым он сегизде. Мен Кыгрыз-Герман техникалык институтунун студентимин. Мен узак убакытка чейин келечектеги кесибимди тандай албай турдум. Мен программисттен баштап, аягы логист кесиби болгон ар кандай тармактардын ортосунда тигил жак бул жак деп көп чуркап жүрдүм. Келечекте кайсы кесиптин ээси болом жана эмне менен алектенем деп мен онунчу класстан тартып ойлоно баштадым. Азыркы заманда өзүңө жаккан жана жакшы акча төлөп бере турган ишти табуу эң маанилүү.

Көп адамдар өзүнүн жашоосунун аягына чейин жүрө турган жолду ыгы жок тандап алышат. Мен бул суроого өзгөчө жоопкерчилик менен кайрылууну чечтим. Келечектеги кесибимди издөө максатында интернетти карап отуруп, миңдин ичинен “дал өзү” дегенди таппадым. Ошондо мен милдеттүү түрдө боло турган нерселерди алдыга койдум:

  1. Кесибимдин айлык акысы жогору болуш керек;
  2. Денсоолукка зыяны болбош керек, аткени биз канча узак жашасак, ошончо табабыз.
  3. Жумуш эки тараптуу сүйлөшүүлөргө, баарлашууларга байланыштуу болуусу зарыл. Эмнеге дегенде, ар кандай кызыктуу жана чет өлкөдөн келген адамдар менен аралашып иштегендин өзү эле кандай сонун.
  4. Дайыма талап кылынган кесип болуш керек.
  5. Ал сага жагыш керек, сен аны сүйсөң, ал да сени сүйөт.

Силер түшүнгөндөй эле мен дал ушул логист кесибине токтодум. Бул кесип бардык жагынан мага идеалдуу жарашты деп эсептейм. Арадан көп өтпөй эле бул кесип жөнүндө бардыгын билдим, бул эмне жана кандай экенин.

Бул иш талаасы мага жакты. Мен жакшы специалист болуп, бул тармакта транспорттук жүк ташуу индустриясын өздөштүрүү менен бирге эле, анын экономдуулугун, арзандуулугун, ылдамдыгын жакшыртуп, келечекке өз салымымды кошоп деп эсептейм.

лг(б)-2-21