Мен эмнеге логистиканы тандап алдым?

11/10/2021
1352 | 0
Акылбекова Айгерим
Эссе

Логист - кыялдагы кесиппи? Бул суроого жооп берүү оной эмес анткени жаш бала логистика эмне экенин элестете албайт, ал тургай, чон кишилер дагы логист деген ким экенин билишпейт. Мен, мисалы, бул илим жөнүндө биринчи жолу 16 жашка чыкканымда уккам жана, тилекке каршы, анын маанисин толук түшүнгөн эмесмин. Мен эмне дегим келип жатат?

Ар бир адам бала чагынан тартып эле чонойгондо жакшы кесипке ээ болуп, ийгиликтерге жетсем деп кыялданат эмеспи. Ошентип, ар бир адамдын башына келечектеги кесибин тандоодо маанилуу чечим кабыл алчу учур келет.

Мен дагы коомго кандай пайда алып келе алам, кайсы кесипти ырахат алуу менен аркалап кете алам деп копко ойлондум. Озум табиятыман ар тараптуу адам болгондугумдан, мен кызыккан чөйрөлордү камтыган адистикти тандагым келди. Адегенде программист адистигин окуюн деп ойлоп жургом. Тайэжем мага логистика адистигин кенеш кылганынан, бул кесиптин артыкчылыктарын жана кемчиликтерин баамдап, таразалап коруп, акыры ушул чойрону тандоого тез эле чечим чыгардым.

Эмнеге логистика? Анткени логистика – заман талабына жооп берген, суроо-талапка ээ болгон, келечеги кен адистик. Логистика бардык тармактарда, атүгүл күнүмдүк турмушта да талапка ээ. Мен бул кесип мага ылайыктуу деп эсептейм, себеби логистика техникалык эле эмес, ошондой эле гуманитардык илимдерге дагы тыгыз байланышы бар тармак. Мен техникалык дагы, гуманитардык дагы илимдерге шыгым бар болгондуктан, математика, информатика, география, экономика жана менеджмент сыяктуу ар кыл илимдерди окуганым мен учун ары кызыктуу, ары женил болот деп ойлойм.

Азыркы учурда менин ой - санаам логистика менен байланышкан. Оз ишим мыкты билген, тажрыйбалуу логист болууга болгон аракетим жумшайм жана келечекте өзумдүн жеке менчик логистикалык борборум ачсам деген менин кыялым бар.