Эмне үчүн мен логист кесибин тандадым?

01/11/2021
1413 | 0
Таалайбекова Нурай

Баарыңарга салам! Менин аты-жөнүм Таалайбекова Нурай жана Кыргыз-Герман техникалык институтунун биринчи курсунун студентимин. Мектепти аяктагандан кийин ар бир бүтүрүүчүнүн ичинде өзүнүн келечектеги кесиби боюнча суроолор пайда болсо керек. Ошондо мен да ичимден уйгу-туйгу болуп, өмүр бою өзүм ырахат алып иштей турган, жан-дүйнөмө жакын адистикти тандай албай жүрдүм. Бирок кесибимди тандоодо окуудагы ийгиликке өбөлгө боло турган жана ошондой эле жумушта керек болгон өзүмдүн жөндөмдөрүмдү, мүмкүнчүлүктөрүмдү, кызыгууларымды жана ийкемдүүлүгүмдү аныкташым керек болду. Андан сырткары, мен тандаган кесип эң көп төлөнгөн, талапка ээ, бир гана багытта эмес, ар тараптуу өнүгө ала турган, эң негизгиси табият таануу жана техникалык дисциплиналар менен байланышкан кесип болуусу шарт, себеби мектептен бери математиканы окуганды жакшы көрөм.

Ошентип кокусунан интернет тармагында логист адистигин көзүм чалып калды. Мурда эле бул кесипти окуп, үйрөнүүгө кызыгып жүргөм. Бул ар тараптуу жана кызыктуу кесип менен таанышканымда, логистикалык адистер эмгек рыногунда, башкача айтканда, жүк ташуу менен алектенген ар кандай компанияларда суроо-талапка ээ экенин жана жеке өсүш үчүн көптөгөн перспективалар бар экенин билдим. Бул кереметтүү адистик жөнүндө башка көптөгөн макалаларды окугандан кийин, бардык суроолорума жооп алыш үчүн логистиканын керемет дүйнөсүнө тереңирээк кирүүнү чечтим. Алган билимимди практика жүзүндө колдоно турган учурду чыдамсыздык менен күтүүдөмүн.