Мен эмне үчүн логистика кесибин тандадым?

06/01/2022
3079 | 0
Касымалиев Жалын Кубатбекович
Эссе

Кесип тандоо ар бир адамдын жашоосундагы маанилүү жана жоопкерчиликтүү кадам эмеспи.Анын сыңарындай мен да мектепти аяктап келечектеги кесипти тандоо абдан маанилүү болгондуктан, мен кесибимди көптөн бери, кылдаттык менен тандадым. Көпчүлүгү көпчүлүктү ээрчип, же ата-эненин тандоосу менен барышат. Ал эми өмүр бою иштей турган кесипти тандоо эң маанилүү кадамдардын бири. Көптөн бери өзүмө жаккан кесипти табууга аракет кылдым. Жана мен көптөгөн варианттарды карадым, мисалы: менеджмент, экономист, бизнести башкаруу ж.б. Мен карап чыккан бардык варианттар бизнеске байланыштуу болчу. Бирок, мен каалаган нерсени таба албадым.

Өз кесибин туура эмес тандаган студент турмуштагы ордун табууда жана кесиптик өсүүдө да кыйналышат. Ошондуктан ар бирибиз кесип тандоодо жаңылбайлы. Кесип тандоо бул маанилүү кадам, анткени ага жараша келечекте айлана чөйрөң, досторуң, тааныштарың пайда болот. Өзүңөрдү кандай чөйрөдө көргүңөр келсе ошол тараптагы кесипке умтулгула.

Азыркы учурда глобалдашуу жана автоматташуу процесси катуу жүрүп жатат. Адамдын акылы, креативдүүлүгү керексиз болгон жумуштардын көпчүлүгү жакынкы он жыйырма жылда толугу менен жоголушу мүмкүн. Мындай нерсени сөзсүз эске алуу керек.

Туура кесип тандоо гана эмес, ошол кесиптин мыкты адиси болуп чыгуу да маанилүү.

Анан мага «Логист» кесибин сунушташты. Логистика жөнүндө азыноолак изденип , бул кесип кандай экенине кызыктым. Мен логистиканы изилдей баштадым жана бул кесип чоң бизнес менен тыгыз байланышта экенин түшүндүм.

Көптөр "логистика" деген эмне экенин билишпейт жана көбүнчө "лингвистика" кесиби менен чаташтырышат. Ал эми бул кесип анча популярдуу болбогону менен, ал жогорку акы төлөнүүчү, суроо-талапка ээ жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө абдан маанилүү ролду ойнойт. Ошондой эле, логистика мен кайда барам деп издеп жүргөн бардык критерийлерге жооп берди.

Көпкө ойлонбой И.Разаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине тапшырууну чечтим.. Мен интернеттен ар кандай багыттарды изилдеп, менин тандоом "Товарларды жеткирүү, сатып алуу, жумуш жана кызмат көрсөтүү логистикасы" боюнча болду. Андан мен өз келечегимди көрдүм. Анткени бул жерде өз өлкөңдө гана окууга эмес, Германияга барып, ал жактан окууга жана практикага да мүмкүнчүлүк бар. Ал эми Германия мен бала кезимден бери баргым келген өлкө. Ошондуктан мен КМТИди тандадым.

Жумушту сүйгүлө, анан жумуш сени сүйөт! Ар бир адамга келечектеги кесибин туура тандоону,өз кесибинин мыкты адиси болушун чын жүрөктөн каалайт элем!