И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Эл аралык логистика жогорку мектебинин докторанттары Казакстан Республикасы, Алматы шаарында жайгашкан «Казак улуттук агрардык изилдөө университети» коммерциялык эмес акционердик коомунда чет өлкөлүк илимий-изилдөө стажировкасынан ийгиликтүү өтүштү.
Илимий-изилдөө стажировкасы 2026-жылдын 12-майынан 14-июнуна чейин өткөрүлдү. Стажировканын алкагында докторанттар логистика илимин, агробизнести, эл аралык жеткирүү чынжырларын, суу логистикасын, мамлекеттик сатып алууларды жана Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө багытталган актуалдуу илимий темалар боюнча иш алып барышты.
Стажировкага «Логистика» багыты боюнча билим берүү программасынын төмөнкү докторанттары катышты:
Мындан тышкары, докторанттар 2026-жылдын 1-июнунан 14-июнуна чейин «Казак улуттук агрардык изилдөө университети» КеАКомунда өткөн ISAS-2026 Эл аралык жайкы мектебине катышышты. Жайкы мектептин темасы: «Агробизнести модернизациялоо жана трансформациялоо: укуктук негиздер, финансы жана эсеп».
Стажировканын жана жайкы мектепке катышуунун жыйынтыгында докторанттарга тиешелүү сертификаттар тапшырылды.
Чет өлкөлүк илимий-изилдөө стажировкасынан өтүү докторанттардын илимий потенциалын жогорулатууда, И. Раззаков атындагы КМТУнун эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүдө, Казакстан Республикасынын жогорку окуу жайлары менен академиялык байланыштарды бекемдөөдө, ошондой эле логистика жана агробизнес тармагындагы практикага багытталган изилдөөлөрдү кеңейтүүдө маанилүү этап болуп саналат.
И. Раззаков атындагы КМТУнун Эл аралык логистика жогорку мектеби илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо жана ата мекендик логистика илимин эл аралык билим берүү жана илимий мейкиндикке интеграциялоо багытындагы иштерин активдүү улантууда.