И.Раззаков атындагы КМТУнун "Логистика" кафедрасынын астындагы "Кыргыз Республикасындагы логистика жана мамлекеттик сатып алуулар иилимий-изилдөө борборунун" жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борбору ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу

12-03-2021
1559

И.Раззаков атындагы КМТУнун "Логистика" кафедрасынын астындагы "Кыргыз Республикасындагы логистика жана мамлекеттик сатып алуулар илимий-изилдөө борбору" жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борбору ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюу боюнча И.Раззаков атындагы КМТУда Дүйнөлүк Банк долбоорунун алкагында, 11-мартта, И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору М.Чыныбаев, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борборунун директору Э.Д.Турдумамбетова, "Логистика" кафедрасынын башчысы А.С.Уметалиев менен жолугушуу болуп өттү.

Кызматташтык жөнүндө Меморандум тараптардын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодо, биргелешкен эксперттик маалыматтык-аналитикалык жана изилдөө иш-чараларында жана анын натыйжаларын практикалык колдонууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар тутумун өнүктүрүүдө биргелешкен кызыкчылыгын билдирет.

Меморандумдун максаты - тараптардын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө туруктуу потенциалды арттырууга көмөктөшүүчү иш-чараларды жүргүзүү жана аларды Кыргызстанда профессионалдаштыруу, анын ичинде сатып алуулар саясаты жана жол-жоболору боюнча окутуу программалары.

Меморандумдун өзөктүү маселеси болуп Дүйнөлүк банктын сатып алуулар саясаты жана жол-жоболору боюнча семинарларды илгерилетүү, даярдоо жана уюштуруу жаатында кызматташуу, ошондой эле Окуу борборундагы Мамлекеттик сатып алуулар боюнча I деңгээлдеги адистин Күбөлүгүн алыш үчүң “Сатып алуулар логистикасы» профилинин 4-курсунун студенттерин тестирлөөгө кабыл алуу саналат.

Галерея