Интернет-дүкөндөргө даярдык рейтингинде Кыргыз Республикасы 97-орунду ээледи

25-05-2021
1421

Кыргызстан 2020-жылы ЮНКТАДдын B2C электрондук соода индексинде 152 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген. Бул тууралуу изилдөөдө айтылат.

Электрондук соода индекси онлайн-дүкөндөргө даярдыкты төрт көрсөткүчтүн негизинде баалайт: Интернеттин жайылышы, калк арасында банк эсептеринин болушу, калктын 1 миллионуна туура келген серверлердин үлүшү жана почта байланышынын өнүгүү деңгээли Дүйнөлүк почта бирлигинин рейтинги.

Бул рейтингде Кыргызстан дээрлик бардык КМШ өлкөлөрүнөн артта калды - Беларуссия (37-орун), Россия (42-орун), Казакстан (52-орун), Армения (66-орун), Азербайжан (68-орун) ...

Алдыңкы орундарды Швейцария, Нидерланды жана Дания ээлегенин кошумчалайбыз.