Логистика боюнча Биринчи Бишкек Форуму

05-07-2021
2008

2021-жылдын 1-2-июлунда И.Раззаков атындагы КМТУнун «Логистика» кафедрасынын 10-жылдык урматына"Өндүрүштүн ресурстук натыйжалуу логистикасын өнүктүрүү” аттуу Логистика боюнча Биринчи Бишкек Форуму болуп өттү. Биринчи Бишкек форумунун максаты - логистика жаатындагы эл аралык кызматташтыкты бекемдөө жана маалыматтын, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин жүгүртүлүшү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү. Форумдун ачылышына М.К.Чыныбаев, И.Раззаков атындагы КМТУнун ректору, В.С. Кришнакумар Дүйнөлүк Банктын Сатып алуулар боюнча аймактык менеджери, Денни Дж. Чо, Пенсильвания Университетинин (АКШ) PhD доктору, КМТУнун профессору, Global Technology Solutions” президенти, Рольф Петер, PECA Долбоорунун Жетекчиси, GIZ Германия, Марсель Мюллер, Логистика жана материалдардын кыймылынын технологиясы Институтунун окутуучусу, Магдебург, Германия, Эрбол Мукаев, Улуу Британиянын Логистика жана Транспорт Падышалык Институтунун (CILT) Борбордук Азиядагы филиалынын өкүлү, Кайрат Итибаев, Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын төрагасы, Шабданалиев Темирбек, Кыргыз Республикасынын жүк ташуучулар жана логисттер ассоциациясынын төрагасы. Форумдун негизги өзөгү болуп үч сессияда "Мамлекеттик сатып алуулардын туруктуулугу", "Өндүрүштүн ресурстук натыйжалуу логистикасын өнүктүрүү", " Тамак-аш өндүрүшүнүн логистикасы" багыты боюнча кооперативдик бакалавр программасын иштеп чыгуу" талкууланды. "Мамлекеттик сатып алуулардын туруктуулугу" сессиясында: Ирина Гончарова - Дүйнөлүк банктын сатып алуулар боюнча адиси, Мамбеткулова Асел - АРИСтин Кыргыз Республикасындагы Аткаруучу директорунун орун басары, Айбек Орозакунов - БУУнун Азык-түлүк программасынын менеджери, Калиева Аян, Кулсейитов Элдияр - "Логистика" кафедрасынын студенттери, Алдаберген Максат, Ашикеев Нурсултан - "Логистика" бөлүмүнүн ProdLog программасынын магистрлери, Жайлообаев Сардар - "Логистика" кафедрасынын окутуучусу докладдарды жасашты.

Форумдун "Өндүрүштүн ресурстук эффективдүү логистикасын өнүктүрүү" темасына арналган экинчи сессиясы дагы маалыматтуу жана актуалдуу болуп калды. Сессияда Үметалиев Акылбек - "ProdLog долбоорун жайылтуу" жумушчу долбоорунун натыйжалары жана жетишкендиктери”, Бапанова Жибек - ProdLog долбоорунун жүрүшү жана жетишкендиктери жөнүндө видеороликтердин презентациясы, Кегенбеков Жандос – Казак-Немис Университетинин Инженердик жана Маалыматтык технологиялар факультетинин деканы, Алматы, Чувилина Олеся - Москвадагы өкүлчүлүктүн директору, Жуков Александр - МАДИ, Москва, Капарова Эльмира - К.И.Скрябин атындагы КУАУнин улук окутуучусу, Кыдыков Азизбек – “Логистика” кафедрасынын доценти, Марсель Мюллер - Магдебург, Логистика жана материалдардын кыймылынын технологиясынын институту, Германия, Тобиас Беличка - Франция, SIGMA Клермон университетинин профессору, Петер Тамаш - Мишкольц Университеттин профессору, Венгрия, Петер Вереш - Мишкольц университетинин окутуучусу, Муканов Тынчтык - "Галерея" компаниясынын менеджери - логисти, Ломова Ольга, Забродская Елизавета - ProdLog программасынын "Логистика" бөлүмүнүн магистранттары, Амантаев Исламбек - АКШнын Кентукки университетинин бакалавр даражасын аяктаган, Түштүк Кореянын Сеул университетинин магистратурасы, И.Раззаков атындагы КМТУнун окутуучусу - докладдарды жасашты.

Форумдун катышуучуларынын арасында көптөгөн бизнес өкүлдөрү болгон жана өндүрүштүк логистикага байланыштуу маселелерди талкуулоодо, жогорку деңгээлдеги адистерди даярдоо боюнча мазмундуу талкуу жүрдү. Бизнес өкүлдөрү учурда өнөр жай ишканалары өндүрүштүк логистика жаатындагы адистерге абдан муктаж болуп жаткандыгын белгилешти жана адистер өнүгүүнүн эң маанилүү фактору экендигин белгилешти. Ошондой эле сессияда шаардык коомдук транспорттун экологиялык тазалыгы темасы талкууланды, электр автобустарын киргизүү жана Бишкек шаарындагы троллейбус паркын жаңыртуу боюнча бир катар сунуштар айтылды.

Форумдун үчүнчү сессиясы Борбор Азиядагы кесиптик билим берүү темасына, "Тамак-аш өндүрүшүнүн логистикасы" багыты боюнча кооперативдик бакалавр программасын иштеп чыгууга арналды. Сессияга тамак-аш өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү жана жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык программалардын өкүлдөрү катышты: Мария Калина - кеңешчи, "Эмгек рыногуна багытталган билим берүү программалары" компонентинин башчысы, Каджиев Халил - Deutsche Gesellschaft fur Internationale долбоорунун улуттук координатору, Бенжамин Ницше - "ICON Institute" эл аралык эксперти, Үмөталиев Акылбек - "Логистика" кафедрасынын башчысы, Мырзалиева Мадина - "Логистика" кафедрасынын ага окутуучусу, Конкубаева Нурзат "Консервалоо технологиясы" кафедрасынын ага окутуучусу, Алымбеков Жаныбек - "Кыргыз Шампаны" ЖЧКнын логистикалык бөлүмүнүн башчысы, Чекеев Азат Маликович - "Кант Сүт" ЖЧКнын “Логистика” бөлүмүнүн башчысы, Абдраманов Абзал - Казак улуттук агрардык университетинин Эл аралык рейтингдер бөлүмүнүн башкы адиси Жетпейисов Мизамбек - Ph.D., Казак улуттук агрардык университетинин профессору, Мамаева Лаура - Ph.D., профессор Казак Улуттук агрардык университет жөнүндө, Зарина Манап - Eurasian Bridge Kazakhstan ЖШС логистика боюнча менеджери, Мухаммад Али - Ташкент мамлекеттик агрардык университетинин Агрологистика кафедрасынын башчысы, Дилдора Саидова - Агрологистика кафедрасынын доценти, Ташкент Мамлекеттик Агрардык Университети, Шавкат Умидов, ага окутуучусу, Ташкент Мамлекеттик Агрардык Университети, Иминохунов Абдукаххор - "Modus Best" ЖЧКсынын башкы директору, Муминова Шохзодахон – э.и.к., "Тармактык экономика" кафедрасынын башчысы, Худжанд политехникалык институту, Тажик техникалык университети, Алиев Шамшод - т.и.к., “Автомобилдик жана транспорттук менеджмент" кафедрасынын башчысы, Тажик техникалык университетинин Худжанд политехникалык институту, Комилова Дилрабо – х.и.к., "Инженердик-технологиялык факультетинин" деканы Тажик Техникалык Университетинин Худжанд политехникалык институту, Абдуназарова Хусния - "Мавсим & Ко" ЖЧКнын өнүктүрүү боюнча директору.

Форумдун жыйынтыгы боюнча, форумдун алкагында кызыкдар тараптардын диалогу болду деп жыйынтык чыгарса болот. Кыргызстандагы логистикалык инфраструктураны өркүндөтүү максатында жемиштүү талкууларды жүргүзгөн маанилүү маселелер айтылды.

Бул Кыргызстанда өткөн биринчи логистикалык форум. Форумдун уюштуруучулары форум жыл сайын боло турган иш-чарага айланат жана логистиканын учурдагы абалын талдоо, баалоо, чечимдерди кабыл алуу жана өнүгүү келечегин талкуулоого куралдардын бири жана коомдук аянтчасы болуп калат деген ишенимде.

Галерея