Мындай илимпоздор менен жолугушуулар бизге дем берет

23-11-2021
1505

18-ноябрда, И.Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинде, Елена Виталиевна Шадрина логистист-студенттер менен жолугушуусу болду. Елена Виталиевна - таланттуу изилдөөчү жана окутуучу, учурда Улуттук изилдөө университетинин Пермь шаарындагы Экономика Жогорку Мектебинин директорунун орун басары кызматын аркалап келет.

Жолугушуунун чектелүү убактысында Елена Витальевна студенттер менен студенттерди кызыктырган көптөгөн маанилүү маселелерди талкуулоого жетишти. Студенттер ЖЭМде андан ары билим алуу мүмкүнчүлүктөрү, магистратура жана аспирантура программалары менен таанышты. Елена Витальевна эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болуу үчүн уникалдуу көндүмдөрдү алуунун маанилүүлүгү, soft-skills, сатып алуу логистикасы жана мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө айтып берди.

Студенттер Елена Витальевна менен болгон жолугушуудан шыктанышты, — деп жыйынтыктады жолугушууга катышкан окуучулардын бири — «Мындай окумуштуулар менен жолугушуулар бизди шыктандырат».