Медициналык жабдууларды ташуу - жүк ташуулардын эң татаал түрлөрүнүн бири болуп саналат

29-12-2021
1586

Өткөн постторубуздун биринде биз сиз менен логистика боюнча PhD даражасын алуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүк тууралуу жакшы кабар менен бөлүштүк. Эми сизди докторанттарыбыз жана алардын кесиптик жана илимий пландары менен тааныштыргыбыз келет. Бүгүн биз Аваз Казаков тууралуу сөз кылабыз. Дал ушул медициналык жабдууларды ташуу багытында Аваз изилдөө иштерин жүргүзүүнү пландаштырууда. Аваз өзү докторлук даражасын алууну чечкени жана тандап алган илимий темасы тууралуу айтып берет.

Мен И.Раззаков атындагы КМТУнун PhD докторантурасына тапшырдым, сапаттуу билим алам деп үмүттөнөм жана ишенем, анткени бул окуу жайдан «Товар таануучу» адистигин алгам. Магистратураны аяктагандан кийин, мен PhD докторантурага тапшырууну чечтим жана бул жагынан мага "Политех" тармагындагы адистер жардам берерин бекем билгем.

Медициналык билим берүү тармагында иштеп жүрүп, көп учурда медициналык жабдуулардын материалдык-техникалык камсыздоосу менен алектене баштадым. Ошондуктан мен бул багыттагы илимий иштердин темасын тандап алдым.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда медициналык жабдуулардын рыногу жигердүү өнүгүп жатат, ал негизинен чет өлкөлүк өндүрүштүн ассортименти менен көрсөтүлөт, медициналык мекемелер тарабынан сатылып алынган медициналык жабдууларды жигердүү пайдалануу менен логистикалык кызматтарды көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрүн кароо зарылчылыгы бар.

Мисалы, билим берүү тармагында: Кыргыз Республикасында 22 медициналык мекеме бар. Лицензиялык талаптарга ылайык, ар бир медициналык мекеменин тиешелүү медициналык жабдуулары бар өзүнүн клиникасы болушу керек.

Медициналык жабдууларды ташуу — жүк ташуулардын эң татаал түрлөрүнүн бири. Ар кандай жогорку технологиялык жабдуулар татаал жана морт түзүлүшкө, чоң өлчөмдөргө, так орнотууларга жана жогорку баага ээ.

Татаал техниканы ташуу эң жогорку кесипкөйлүктү, жоопкерчиликти жана сый-урматты талап кылат, ошондуктан аны чоң тажрыйбасы бар, атайын талаптарды жана шарттарды билген ташуучу жүргүзүшү керек.

Эмне үчүн медициналык жабдуулар өзгөчө жүк болуп саналат?

Мисалы: магниттик-резонанстык жана компьютердик томографтар, ангиографтар, УЗИ, лазер жана башка медициналык аппараттар температуранын өзгөрүшүнө, термелүүлөргө, нымдуулукка жана башка транспорттук шарттарга өтө сезгич. Мындай системалардын бардыгы белгилүү жана ташууларды уюштурууда эске алынышы керек болгон ички дизайн өзгөчөлүктөрүнө ээ. Ташуу учурунда бул өзгөчөлүктөргө көңүл бурбоо жабдуулардын бузулушуна алып келиши мүмкүн.

Медициналык жабдуулардын ар турдуу турлеру менен камсыз кылуу жогорку жоопкерчиликти билдирет. Бул иш-чаралар, адатта, стандарттык камсыздоо чынжырындагы тобокелдиктин деңгээлинен кыйла ашкан тобокелдиктер менен коштолот. Бүгүнкү күндө медицина тармагында иштеген көптөгөн ишканалар мындай тобокелдиктерди минималдаштыруу үчүн логистикалык процессти дайыма өркүндөтүүгө муктаж.

Бул маселе жогорку технологиялуу медициналык жабдуулар сегментинде өзгөчө курч турат. Ошондуктан, ташууну уюштуруу жана анын ыкмасын тандоо өзгөчө билимди, майда-чүйдөсүнө чейин көңүл бурууну талап кылат жана ар бир аппараттын жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша болот. Бизге бул тармакта көп жылдык тажрыйбасы бар, тиешелүү квалификациясы жана татаал жогорку технологиялык товарларды жеткирүү үчүн логистикалык маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон техникалык билими бар адистер керек.

Келечекте мен КМТУда ала турган билимимдин жана логистикалык көндүмдөрдүн аркасында бул эбегейсиз чоң транспорт тармагына жеке салымымды кошуп, аларды өлкөм үчүн кирешелүү, экологиялык жактан таза, арзан жана тез кыла алам деп ишенем.

Авазга, ошондой эле бардык докторанттарга ийгиликтерди жана коюлган милдеттерди аткарууну каа лайбыз.