2022 ж. бүтүрүүчүлөрү

04-07-2022
1521

2022-жылдын 27, 28, 29-июнунда тажрыйбалуу өндүрүш кызматкери, «Виндоорс» ЖЧКсынын директору Джумабаев Эркин Борбутаевич жана анын орун басары, мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыкты адис Шырдакова Гүлнур Туратбековнанын төрагалыгы алдында И.Раззаков атындагы КМТУнун “Логистика” кафедрасынын 4-курс бакалавриаттын жыйынтыктоочу квалификациялык иштеринин жактоосу болуп өттү. Кафедрадан МАКтын курамында бакалавр даражасын техника илимдеринин кандидаты, доцент Кыдыков Азизбек Асанбекович, экономика илимдеринин кандидаты, доцент Долотбакова Аида Кеңешевна, окутуучу Жеңишова Бегимай баалашты. Бул жылы биздин студенттер логистика боюнча мыкты билимдерин көрсөтүшүп, жыйынтыктоочу квалификациялык иштерин ийгиликтүү жактагандарын кубануу менен билдиребиз.

«Логистика» кафедрасы экономика илимдеринин доктору, проф. Уметалиев Акылбек Сапарбековичтин жетегинде бакалаврлардын бүтүрүүчү квалификациялык иштерин жактоого даярдануу боюнча олуттуу иштерди жасады. Студенттер мамлекеттик сатып алуулар, транспорт жана ишкердик логистикасы боюнча актуалдуу жана турмушка ылайыктуу темаларды тандап алышты.

Студенттердин көбү диплом алганга чейин эле логистика тармагында иштей башташкандыгын белгилей кетүү кубанычтуу, мисалы, “Central Asian Consulting» компаниясында, «Глобал Саплаер», Дали-Транс, “Vfreight”, «Райан Тур» жоопкерчилиги чектелген коомдордо, башка ишканаларда жана өз материалдары боюнча иштерин жазышты. Чындыгында «Логистика” кафедрасы кадрлардын устаканасы болуп, Кыргызстандын логистикалык тармагынын калыптанышына салым кошуп келүүдө.

Кээ бир бүтүрүүчүлөр өз бизнесинин ээлери, биз бакалаврларыбыз менен абдан кубанабыз жана сыймыктанабыз. Кафедранын сыймыгы биздин бүтүрүүчү – Амантуров Темирлан экинчи жогорку билим алып жатып, «Логистика” кафедрасында окуп жүргөндө Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы «Оттук Агропитомник» ЖЧКсы, курулуш индустриясы үчүн кургак курулуш аралашмаларын чыгаруучу заводду куруп, ачууга жетишкен, ошондой эле транспорттук компанияга ээ. Бүтүрүүчүлөрдүн дагы бири Илсур Рахимов Бишкектеги “Telescope” кофейня тармагынын ээси.

Бүтүрүүчү квалификациялык иштерди жактоонун жыйынтыгында “Логистика” кафедрасы 50 бакалаврларды чыгарды. Белгилей кетсек, 50 бүтүрүүчүнүн ичинен 37 окуучу «эң жакшы», 13 окуучу «жакшы» деген баа алышты.

Бүтүрүүчү квалификациялык иштерди үч күндүк жактоосунун жыйынтыгы боюнча мамлекеттик аттестациялык комиссия БКИнин тапшырмасын мыкты аткарган бир нече бүтүрүүчүлөрдү белгиледи. Алардын ичинен Ажыбаев Эламан, темасы «Ишкананын кампаларында товарларды жылдыруу жана сактоо процессин уюштуруу жана башкаруу», Бекк Виктория «Туризм чөйрөсүндө заманбап логистиканы жакшыртуу», Сарыбаев Тилек «Сатып алууларды башкаруу стратегиясы: максаттар, милдеттер жана калыптануу этаптары («Глобал Саплаер» ЖЧКсы мисалында)», Калиева Аян «Сатып алуу логистикасы: жеткирүүчүнү тандоонун жеткирүү чынжырынын натыйжалуулугуна тийгизген таасири», Исмаилова Эльмира «Эл аралык логистикалык кызмат көрсөтүүлөр (“Vfreight” ЖЧКсы мисалында), Кубанычбекова Акмарал «Ишкананын транспорттук логистикасын оптималдаштыруу», Алмазбеков Дастан «Ишкананын камсыздоо жана камдоо ишмердигин талдоо», Голощапова Анастасия «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамынын ДСУнун мамлекеттик сатып алуулары жөнүндө келишимдин талаптарына ылайык келишин талдоо» жана башкалар.

Бардык бүтүрүүчүлөрүбүзгө чың ден соолук, бакыт-таалай, энтузиазм, чоң максаттарды жана чоң долбоорлорду каалайбыз! Биз университеттин дубалында кабыл алынган нерселердин бардыгын ишке ашырууну каалайбыз! Кесиптик жолуңар жемиштүү жана келечектүү болсун! Жеңиштерге жана жаңы горизонтторго алга!