Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунда окутуу тутумун өркүндөтүү

17/11/2020
2533 | 0
Турдумамбетова Эрке Доолотбековна

Турдумамбетова Эрке Доолотбековна Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Окуу борборунун директору

Курстун угуучуларынын муктаждыктарына прогрессивдүү мамиле кылуу жана биздин борбордун ийкемдүү баа саясаты сизге убакытты жана чыгымдарды үнөмдөө менен билим берүү кызматтарын жогорку деңгээлде алууга мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борбору - кошумча кесиптик билим берүү жаатында көп жылдык практикалык тажрыйбасы бар жогорку квалификациялуу адистерден турат, анын жардамы менен биз көптөгөн кардарларыбыздын ишенимине татыдык.

Окуу процессине заманбап мамиле жасоо, эң актуалдуу, заманбап жана талап кылынган технологияларга басым жасоо, материалды эффективдүү өздөштүрүү үчүн билим берүү программаларын ар тараптуу изилдөө менен айырмаланып турабыз.

Жаңы технологиялар продукттардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн өндүрүш жолун гана өзгөртпөстөн, жарандык укуктарды жүзөгө ашыруу, инсанды өзүн-өзү реализациялоо, билим алуу, жаңы муунду тарбиялоо жана бош убактысын өткөрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

40 жылдан ашуун убакыттан бери Окуу борбору үч негизги багытта иштеп келет:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бүткүл тутуму үчүн квалификацияны жогорулатуу курстары, ал 1000ге жакын кызматкерлер: борбордук аппараттардан, 55 аймактык башкармалыктардан жана төрт ведомстволук уюмдан бардык окутуу акысыз жүргүзүлөт;

2. Окуу борбору жүргүзгөн акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарынын тарифтеринин Прейскурантына ылайык "ачык" курстар (ал үчүн баардыгы каттала алышат);

3. борбор тарабынан сунушталуучу (мамлекеттик жана расмий тилдерде) төмөнкү темалар боюнча (акысыз) 16 онлайн курстар:

- Жергиликтүү бюджеттерди түзүү жана аткаруу;

- Программалык бюджетин түзүү;

- Дем берүүчү гранттар;

- Бирдиктүү казыналык эсеп;

- Мамлекеттик сатып алууларды башкаруу;

- Жеткирүүчүлөр үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча курс;

- Мамлекеттик сатып алуулар порталы менен иштөө курсу;

- Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук угууларды өткөрүү;

- Жергиликтүү бюджеттер үчүн жарандык бюджетти түзүү ж.б.

Акыркы 8 жылдын ичинде Окуу борборунда 40 миңден ашуун студенттер билим алышты, биз муну биздин борбордун таанылышынын символу деп эсептейбиз (2012 ж. - 1415 адам; 2013 ж. - 1693; 2014 ж. - 2696; 2015 ж. - 9180; 2016 ж. - 6715, 2017 ж. - 6567, 2018 ж. - 6030, 2019 ж. - 5905). Салыштыруу үчүн, 2010 жана 2011-жылдары курстун катышуучуларынын саны 470 жана 477 адамды түзгөн.

Дүйнөлүк тенденциялар (айрыкча, пандемия учурунда) санариптештирүүнү киргизүү мезгилдин талабы болгон сөзсүз табигый процесс экендигин көрсөтүп турат. Окуу борборунда 2016-ж. бери - аралыктан окутуу технологияларын билим берүү процессине киргизүү максатында түзүлгөн Билим берүү порталы (https://ucmfkr.okmot.kg) веб-сайты бар. Билим берүү порталы - бул AVNдин негизинде иштелип чыккан маалыматтык-билим берүү тутуму. Бул программалык продукт маалыматтык окутуу тутумдарынын стандарттарына ылайык жазалган.

Окуу борборунун курстарын жеткиликтүүлүктүн жана популярдуулуктун жогорулашына алып келген кээ бир оң жактарын санап өтүү зарыл деп эсептейбиз:

- Аткаруу бийлигинен, анын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестрине (тизмесине) кирүү (2013-ж. 9-апрели №179);

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эки лицензиясын алуу (кошумча билим берүү чөйрөсүндө, ошондой эле окутуу түрүндө - DOT колдонуу менен);

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун эки филиалынын ачылышы: Жалал-Абад (2013 ж.) жана Ош (2016 ж.);

- Окуу борборунун инфраструктурасын жана материалдык базасын модернизациялоонун натыйжасында аудиовизуалдык каражаттар жана башка окуу куралдары менен жабдылган инновациялык шаймандар ("Мамлекеттик каржыны башкарууда потенциалды өнүктүрүү" МДТФ долбоорунун колдоосу менен);

- Лекция окууга жана практикалык иштерди жүргүзүүгө экономика жана каржы, мамлекеттик сатып алуулар жаатында ченемдик укуктук базаны иштеп чыгуучулар болгон, практикалык иш тажрыйбасы мол практиктер катышат ж.б. (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин, "Инфо-система" МИнын тренерлери ж.б.);

- Эл аралык иш-чараларды жыл сайын өткөрүү ж.б.

Окуу борборунун ишмердүүлүгүнүн бири - мамлекеттик сатып алуулар боюнча окутуу курстарын өткөрүү жөнүндө кененирээк токтолгум келет.

Окуу борбору, анын Жобосуна ылайык, 2010-ж. бери Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин белгиленген формадагы тастыктоочу сертификаттарын берүү менен товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар тутумунун кадрларын даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча курстарды өткөрөт.

Мамлекеттик процедуралар боюнча стационардык (бир күндүк, эки күндүк адистештирилген; беш күндүк негизги; тогуз күндүк өркүндөтүлгөн) жана аралыктан окутуу (онлайн) курстары өткөрүлөт

2020-ж. 26-июнунда "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирди. Жалпысынан 2019-жылдын 11-январынан тартып Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамында, сатып алуулар процедураларында олуттуу өзгөрүүлөр болгон. Буга байланыштуу бардык окутуу программалары жана материалдары Мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык келтирилген. Атап айтканда, 8 академиялык саат көлөмүндө адистештирилген курстар иштелип чыккан ("Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөр; "Электрондук мамлекеттик сатып алууларга катышуу жана конкурстук табыштамаларды берүү эрежелери"). Ошондой эле, Базалык курстун алкагындагы биринчи, экинчи, үчүнчү күндүк тренингдерде, Тереңдетилген курстун мазмуну жана учурдагы онлайн курстардын мазмунуна (презентация, модулдар, окутуу мисалдар, тесттик суроолор) түзөтүүлөр киргизилген.

Окуу борборунун окутуу тутумун чыңдоо үчүн, натыйжалуу жана азыркы учурда популярдуу куралдар - вебинарлар билим берүү процессине киргизилген.

Окуу борборунун билим берүү ишмердүүлүгүн өнүктүрүүдөгү маанилүү багыттардын бири - DOT колдонуу, онлайн курстары популярдуулукка ээ болуп, алыскы региондордогу жана өз иш билимдерин жогорулатууну каалаган тыгыз иш тартиби менен угуучулар үчүн өзгөчө баалуу бойдон калууда. Ошентип, 2016-жылдан бери Окуу борбору мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистерге жана бизнес коомчулугуна юридикалык талаптардан баштап, мамлекеттик сатып алуулардын алдыңкы тажрыйбасына чейин көптөгөн билимди берүү үчүн мамлекеттик сатып алуулардын онлайн курстарын баштады. Курс мамлекеттик сатып алуулардын улуттук процесси талап кылган сатып алууларды пландаштыруу жана тооруктарды өткөрүү процедураларын камтыйт, ошондой эле “Электрондук мамлекеттик сатып алуулар порталын кантип колдонуу керек” деген видео сабактарды камтыйт.

Курстун онлайн версиясы Окуу Борборунун сайтында баарына жеткиликтүү. Алыскы айылдарда Интернет байланышы начар экендигин эске алуу менен, жергиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери "каалаган убакта, каалаган жерде" мүмкүнчүлүк алышы үчүн, ушул окутуу курсу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктарынын жана муниципалитеттердин кызматкерлеринин арасында дисктерде таратылган.

Пандемия бизге сатып алуулар жана өз убагында жеткирүү калкты дары-дармектер жана жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү экендигин айкын көрсөттү.

2020-ж. 7-июлунда Окуу борбору «Жогорку Экономикалык мектеби» илимий-изилдөө мекемеси (Пермь, Россия), Crown Agents Ltd (Улуу Британия) менен биргеликте ар кайсы өлкөлөрдөн келген 98 катышуучу үчүн эл аралык онлайн семинар “COVID-19 пандемия шартында сатып алууларды жана жеткирүү тармагын башкаруу" темасында откөздү, анын максаты - ыкчам сатып алууларды жана жеткирүү чынжырлары менен байланышкан көйгөйлөрдү, ошондой эле COVID-19 пандемиясы учурунда аларды чечүү жолдорун талкуулоо. Семинардын жүрүшүндө, Crown Agents компаниясынын директору Брайан Ричмонд жана Украинадагы Өкүлчүлүктүн башчысы Татьяна Коротченко өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, өлкөлөр туш болгон көйгөйлөрдү, керектүү санды, сапатты жана талап кылынган техникалык мүнөздөмөлөрдү кантип сатып алууну талкуулашты.

Өзгөчө кырдаал учурунда Окуу борборунун кызматкерлери көптөгөн курстарды шашылыш түрдө онлайн режимине ылайыкташтыра алышкандыгын жана аларды DOTтун жардамы менен туруктуу негизде өткөрүп турушкандыгын белгилеп кетким келет.

Курстун студенттери ыңгайлуу электрондук шаймандарды колдонуп, алар үчүн ыңгайлуу жерде жаңы технологияларды өздөштүрүп, компетенттүүлүк деңгээлин жогорулатышты. Актуалдуу онлайн лекциялар ар кандай практикалык тапшырмалар жана мисалдар менен толукталды, ага компьютер же телефон аркылуу туташуу үчүн Интернетке кирүү гана керек болду.

Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү потенциалды жогорулатуу, ошондой эле кошумча сапаттуу билим берүү максатында Окуу борбору Кыргызстандын гана эмес, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайлары менен кызматташууга ар дайым даяр.

Кыска мөөнөттө окуу борбору «Инфо-система» МИ жетекчилиги менен биргеликте “Санариптик Чеберчилик” дистанттык окутуунун универсалдуу платформасын иштеп чыгуу Долбоорунун алкагында иш-чараларды өткөрүүнү, ошондой эле КНС төлөөчү катары катталган маалымат тутумунун тышкы колдонуучулары үчүн КР Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматы тарабынан салык процедураларын фискалдаштыруу Долбоорунун алкагында киргизилге “Электрондук счет-фактура” темасында тренинг өткөрүүнү пландаштырууда.