Эмне үчүн мен логист деген кесипти тандадым?

22/12/2021
1265 | 0
Абылгазиева Эльнура
Эссе

Бала кезде ар бир адам 2 багытта туура тандоо жасагысы келет:

1) өмүр шериги табуу

2) кесип

Биринчисин жакынкы жылдары чечем деп ойлойм. Экинчи тандоо, тармак жонундо мен мектепте ойлоно баштадым. 9-класста ойлодум эле, алдыда дагы 2 жыл убактым бар окшойт деп, өзүмдүн адистигимди, мындайча айтканда, тагдырымды тапканга үлгүрөм деп. Анткени, бул дүйнөдө ар бирибиздин өз ордубуз бар. Бирок убакыт тез зымырап өтүп кетти, мен 11-класста окуп калдым. Билесинерби, бүткүл чөйрөңүз “Кандай окуу жайга тапшырасын?” деп сураган мезгили башталат. Мен аларга эмне деп жооп береримди билбей, көпкө чейин бул суроого көңүл бурбай жүрдүм. Өспүрүм кезимден эле мен бир жагынан математикага жана эсепке кызыкчымын жана билчүмүн, анткени мен так илимдерге көбүрөөк басым жасайт элем. Бирок, экинчи жагынан, өз ара аракеттенүү, адамдар менен баарлашуу, башкача айтканда, баарлашуу жөндөмү. Экономист болгум келген жок, анткени менин оюмча бул кесип өз мезгилинен өтүп кетти. Анан мен Бизнес менеджментке баргым келди, бирок айнып кеттим. Мен каалаган жана жаккан адисти интернеттен издей баштадым. Интернетте журналисттен бухгалтерге чейин көптөгөн адистиктер сунушталган. Бирок мунун баары мага жаккан жок, издей бердим, акыры логистикага туш болдум. Башында мага жаңы, түшүнүксүз сөздөй сезилди, анын үстүнө бул дагы илим экен. Мен бул эмне экенин кичинее изилдөө баштадым. Бир күндөн кийин бул адистик мени абдан кызыктырды. Ушинтип мен бир күндө логист деген кесипти үйрөндүм. Бул мага керек экенин түшүндүм. Анткени, келечектеги кесибиң сени өмүр бою багат. Үйдөгүлөргө алардын суроосуна жообум бар экенин айттым. Ошол эле күнү чоң дасторконго чогулдук.

Кесип тандоомду жарыялап алар мен үчүн, келечегим үчүн абдан кубанышты. Ошентип, алар бул кесипти келечектүү, жогорку акы төлөнүүчү жана эң негизгиси мени кызыктырган кесип деп эсептешет. Жеңем менин логист боло турганымды укканда эки эсе кубанды, анткени ал логист болгусу келчикен, бирок жеңем кызыктуу кесипти тандап алган. Кесип тандоону чечип, бюджеттик негизде университетти издей баштадым. И.Раззаков атындагы КМТУда ушундай багыт, жада калса бюджет бар экенин көрүп, дароо эле тандоого макул болдум.