6-Дүйнөлүк Сатып алуулар Саммити

22-02-2021
1615

AIMA (All India Management Association) 2021-жылдын 3-4-февралында Индия каржы министрлиги, Индия өкмөтү, Дүйнөлүк банк жана Азия Өнүктүрүү банкы.менен биргеликте 6-Глобалдык Сатып алуулар Саммитин 2021 өткөрдү.

Сатып алуулардын 6-Дүйнөлүк саммитинин темасы: - “COVID-19 эпидемиясынын өзгөчө кырдаалдарында жооп кайтаруу үчүн сатып алуулар”. Саммиттин негизги көңүлү COVID-19 таасири, сатып алууларды жана жеткирүүнү башкаруу функцияларына тийгизген таасири жана андан аркы иш-аракеттер үчүн сунуштарды иштеп чыгуу болду.

Саммитке Индиянын мамлекеттик министри - Пратап Чандра Саранги, Дүйнөлүк банктын Индиядагы директору - Джунайд Камал Ахмад, Азия Өнүктүрүү Банкынын Индиядагы директору - Такео Кониши, Индиянын Каржы министрлигинин өкүлү - Бальдео Пурушартха, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын атынан Элиза Невядомска катышты.

Саммитке катышкан эл аралык эксперттер: Джефф Тейлор - Азия Өнүктүрүү Банкынын Сатып алуулар боюнча директору, Стив Гуппи - Крон агенттердин сатып алуулар боюнча директору, Анна Хеберт - Дүйнөлүк Банк, Кембридж университетинен Михай Фазекас, Морис Даймонд - Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча эксперт (PPP) Лондон шаарынан, Ашутош Дутта - Хопкинс университетинин Колдонмо Физика Лабораториясы (JHU / APL), 5G боюнча улук илимий кызматкер жана башкы стратег, АКШ, Элмас Арисой - Дүйнөлүк Банктын Сатып алуулар тажрыйбасы, чечимдер жана инновациялар бөлүмүнүн башчысы.

Пленардык отурумдарда ондон ашык топ-менеджерлер жана менеджерлер сөз сүйлөштү, алардын арасында Одиша мамлекеттик медициналык корпорациясынын башкаруучу директору Ямини Сарангинин отчетун белгилөөгө болот. Ал COVID-19га байланыштуу дары-дармектерди жана медициналык техниканы сатып алуу жаатында иштелип чыккан жаңы эрежелерди сунуштады. Канвал Прит - Финансы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн директору электрондук сатып алуулардын ролу өсүп жаткандыгы жөнүндө айтты, анын натыйжалуулугуна жана коррупцияга каршы ишенимдүү күрөшүүгө байланыштуу.

Саммитке бештен ашуун мамлекеттен 1000ден ашуун делегаттар катышты. Саммитке Акылбек Уметалиев катышты. Сатып алуулар COVID-19 га жооп кайтаруу жана калыбына келтирүү үчүн стимул боло турган, ошондой эле келечектеги сатып алуулар функциясын кайра түзө турган тармактарга өзгөчө көңүл бурулду.

Галерея