Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алууларынын расмий Порталынын ишинин озгочолуктору

21/02/2022
2817 | 0
Болотбекова Аймира
Илимий - изилдөө иш

4 курстун студенти,
И.Раззаков атындагы
Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети
"Логистика" кафедрасы

Аннотация. Беренеде Кыргыз Республикасынын электрондук сатып алуулар порталынын ишин жакшыртуу боюнча сунуштар жана өзгөчөлүктөр каралууда.

Негизги сөздөр: мамлекеттик сатып алуулар, электрондук мамлекеттик сатып алууларынын расмий порталы, жабдуучулардын(подрядчылар), сатып алуучу уюм.

Мамлекеттик сатып алуулар - бул мамлекеттик каражаттардын эсебинен толук же жарым-жартылай каржылануучу, мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамда белгиленген усулдар менен сатып алуучу уюм тарабынан товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу. [1]

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулардын расмий порталы 2011-жылдан баштап бардык мамлекеттик сатып алуулар электрондук сатып алуулардын бирдиктүү порталына которула баштаган учурда өзүнүн башталышын алат. Ал эми 2015 - жылдан баштап, бардык сатып алуучу уюмдардын сатып алуу процедуларын: кулактандыруу жарыялангандан, конкурстун натыйжаларын жол-жоболорун кошкондон, сотко даттанууга чейин милдеттүү болуп калды. Бул система бир катар кемчиликтерге карабастан, мамлекеттик сатып алууларды кыйла ачык жасоого жардам берди. [2] м [2]

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алууларынын расмий Порталы менен иштоонун артыкчалары:

• Тең жана адилет шарттарды жана атаандаштыкты өнүктүрүү – бул мамлекеттик сатып алуулар тутумун негизги максаттарын жана принциптерин бири, ошондой эле эрежелердин бири деп эсептелинет. Мамлекеттик сатып алууларынын расмий Порталы Бишкекте гана эмес, башка региондордо жайгашкан жабдуучуларга(подряддарга) сынакка катышуу учун мумкунчулук берет. Белгилей кетсек, бул конкурстарга чет өлкөлүк уюмдарда катыша алышат. Атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн иш чаралардын бири бул атайын чектөөчү жана атаандаштыкты азайтчу техникалык спецификацияларды жана критерийлерди пайдаланууга тыюу салуу.

• Ачык-айкындуулугу жана ачыктыгы – тендер жана түзүлгөн контракттар боюнча маалымат катталган да, конок пайдалануучуларга дагы да жеткиликтуу.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алууларынын расмий Порталында конок пайдалануучуларга төмөнкүдөй маалымат жеткиликтуу:

1) мамлекеттик сатып алуулардын аландары - Бюджеттик мекемелер
- Бюджеттен тышкаркы мекемелер
2) Жарнамалар - Бардык Жарнамалар
- Жокко чыгарылган жарнамалар
3) Келишимдер - Бардык келишимдерди
-Келишимдери боюнча Борборлоштурулган сатып алуулар
- Келишимдин ыкмасы боюнча түз келишим менен тузулгон келишимдер
4) Аукциондор
5) Отчеттор боюнча сатып алуулар
6) Аналитикалык маалыматтар

• Сатып алуучу уюмга да, жабдуучуларга да (подрядчылар) мамлекетти сатып алуу бүткүл циклдин порталда жургузушулушу.

• Даттануу механизми – эки тараптын ортосунда талаш чыккан учурда, пикир келишпестиктер, сатып алуулардын жол-жоболорунун, ошондой эле мыйзам бузуулган болсо, конкурстун катышуучулары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алууларынын расмий Порталы аркылуу даттанууга укуктуу. Коз карандысыз мекемелер аралык комиссия даттанууларды карайт (каршылык) жана ишенимсиз (ак ниетсиз) жабдуучулар маалымат базасына киргизигуу укугу бар.

• Натыйжалуулугу - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алууларынын расмий Порталы эки тарап үчүн: тендердин катышуучулары үчүн да, сатып алуучу уюмдар үчүн да сатып алуулардын натыйжалуулугун жогорулатат.

• Колдонуу эки болуктуу(двухпакетного) ыкмасы - бул бир этапта откорулчу конкурстун түрү, биринчи болүгүндо –квалификациялык ылайык келишин жана техникалык талаптарга ылайыктыгы бааланат, ал эми экинчи болукто– эн аз баа берген катышуучу тандалат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алууларынын расмий Порталынын иштоо боюнча кемчиликтери:

• Жеке ишкер катары катталган жабдуучулардын Юстиция Министрлигиннин реестринде толук маалымат берилбегени.

• Тендер откодон кийин текшеруу жоктугу: КР мыйзамы боюнча тендер откондон кийин текшеруу каралбайт. Жабдуучу жана сатып алуу уюм ортосундагы тузулгон келишим порталга киргизилбейт, ошондуктан төлөмдөр жана келишим кандай аткарылган жөнүндө маалымат да берилбейт.

• Ишенимсиз (ак ниетсиз) жабдуучулар маалымат базасынын толук эмес иштеши.

• Ишенимсиз жабдуулардын ээлери жана жетекчилиги порталда кайрадан жаны жабдуучуну мурдагы жабдуучунун маалыматы боюнча кайраттан каттого мумкунчулугу бар. Башкача айтканда, мындай катышуучулар, бул системаданан толугу менен алынып очурулгон эмес, ошондуктон бул ишенимсиз жабдуучулар маалымат базасынын толугу менен иштесине тоскоолдук кылат.

• Сайттын толук иштебегени (зарыл болгон маалыматтарды жай жүктөө).

• Көп убакыт конкурстук документтерди толтуруга кетет- өзгөчө сатып алуучу уюм коп убакытты тамак-аш азыктары үчүн болгон тендерлерге же кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу боюнча чоң көлөмдөгү иштерди ж. б., жарыялаган тендерлерге кетирет.

• Мамлекеттик маанидеги документтер жана атайын мамлекеттик бланктары боюнча откорулгон тендерлерге: Мындай тендерди откоргондо 2019- жылдын 15 апрелден № 162 Окмоттун токтомуна карата сатып алуучу уюм тандоону уч жабдуучунун арасынан гана откорот: ААК "Учкун", ЖЧК "Гознак" жана Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Аппаратына караштуу «Типография» мамлекеттик ишканасы.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алууларынын расмий Порталынын жакшыртуу боюнча сунуштар:

• Келишимдин аткарылышы боюнча маалыматты расмий порталга киргизуу мүмкүнчүлүгү, ага ылайык келишимдин толук текстин жарыялоо жана келишим боюнча андан аркы аракеттер (иштерди/кызматтарды кабыл алуу жана өткөрүп берүү актылары, төлөмдөр жөнүндө маалымат ж.б.).

• Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамдык жана ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү, калктын маалымдуулугун жогорулатуу. Мамлекеттик сатып алуулардын ачыктыгынын, ачыктыгынын жана мыйзамдуулугунун аркасында элдин мамлекеттик сатып алууларга болгон ишеними өсүүдө.

• Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө сатып алуучу уюмдардын кызматкерлеринин квалификациясын, кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана жабдуучулардын (подрядчылардын) маалымдуулугун жогорулатуу.

Мамалекеттик сатып алуу системасын жогорулатуу учун Мыйзамдардын бар экендигине жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө зарыл чараларды көрүүгө карабастан, мамлекеттик сатып алуулардын өнүгүп келе жаткан системасын колдоо, ошондой эле мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн дагы эле айрым жоболорду иштеп чыгуу зарыл. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сатып алууларынын расмий Порталыколдоо жана өркүндөтүү зарыл.

Пайдаланылган адабияттардын тизмеси:

  1. http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/111125
  2. https://kloop.kg/blog/2021/09/28/konfidentsialnost-i-tendery-na-chastnyh-torgovyh-ploshhadkah-kak-goszakupki-kyrgyzstana-uhodyat-v-ten/
  3. https://www.transparency.kg/files/pdf/Public%20Procurement%20Report%20-%20TI%20Kyrgyzstan.pdf