Долбоор тууралуу маалымат
Логистикалык жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча изилдөө борбору (ЛМСИБ) сатып алуулардын процесстерин байкоо жана алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу, тиешелүү кызыкдар тараптардын ортосунда диалог жүргүзүү үчүн аянтча болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасындагы сатып алуулар процесстерине сапаттык жана сандык талдоо жүргүзүп, мамлекеттик кызматкерлер жана жарандар менен ушул портал аркылуу блогдор, твиттер, маалымат каттары, семинарлар жана тренингдер аркылуу бөлүшөт. Ошондой эле, ЛМСИБ сатып алуу процесстерине көзөмөл жүргүзөт, мамлекеттик сатып алуулардын инновациялык формаларын жайылтат жана Кыргыз Республикасында сатып алуулардын мыкты тажрыйбаларын жайылтат. Мунун баары чыгымдарды үнөмдөөгө жана сатып алуулардын натыйжалуулугун жогорулатууга түрткү берет.
Мамлекеттик сатып алууларын институционалдык чыңдоосун көрүү
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик сатып алуулар тутумун түзүүнү камсыз кылды жана мындан ары дүйнөлүк жеткирүү тармактарына интеграциялоого аракет кылып жатат. Бул чакырыкты жеңилдетүү же жоюу мамлекеттик сатып алуулар тутумунун потенциалын күчөтүүнү талап кылат. Учурдагы ар кандай кыска мөөнөттүү семинарлар жана окутуу курстары бул көйгөйдү чече албайт. Демек, мамлекеттик сатып алуулар боюнча университеттерде бакалавр, магистр жана докторантура үчүн билим берүү программаларын ишке киргизүү керек.
PPLO — Мамлекеттик сатып алуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу критерийлерин иштеп чыгуу жана белгилөө

Студенттер жана кесипкөйлөр менен биргеликте биз төмөнкүдөй максаттарды койдук: учурдагы мамлекеттик сатып алууларга жана алардын процесстерине байланыштуу маалыматка жана иш-чараларга калктын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу. Мамлекеттик сатып алуулар тутумунун бардык катышуучуларынын өз ара мамилелерин жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын сатып алуулар тутумундагы жана тажрыйбасындагы өзгөрүүлөрдү байкап, аларды талдоо.

Аналитика
Китептер, макалалар
Гульдана Осмонкулова, Нурзада Тойбаева, Жылдыз Батырбекова, Гульжан Асанакунова, Кубаныч Ибраев
37 | 0
1
Кыргызстандын айыл чарба секторунда эл аралык сооданын өнүгүшүнө логистикалык системалардын таасири
Аннотация Бул изилдөөнүн максаты – Кыргызстан өлкөсүнүн айыл чарба продукциясынын тышкы соодасынын натыйжалуулугун камсыздоодо логистикалык системалардын ролун талдоо болуп саналат. Максатка жетүү үчүн 2020–2024-жылдар аралыгында Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын тышкы соодасынын динамикасы изилденип, экспорт менен импорттун өсүшүнө, ошондой эле логистикалык инфраструктурага инвестицияларга өзгөчө көңүл бурулду. Методология экономикалык-статистикалык ыкмаларды, корреляциялык жана фактордук анализди, ошондой эле өнүгүү сценарийлерин моделдөөнү камтыган комплекстүү ыкмага негизделди. Изилдөөнүн жыйынтыктары Кыргызстанда айыл чарба продукциясынын тышкы соодасы туруктуу өсүп жатканын көрсөттү: экспорт 2020-жылы 2,5 млрд АКШ доллары деңгээлинен 2024-жылы 3,5 млрд АКШ доллары деңгээлине чейин өстү. Бул продукциянын эл аралык рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн жогорулаганын далилдейт. Транспорттук-логистикалык инфраструктураны модернизациялоо ташуу чыгымдарын азайтууга жана сактоо шарттарын жакшыртууга өбөлгө түзүп, кургатылган мөмөлөр, пахта жана сүт азыктары сыяктуу негизги агроэкспорттук товарлардын экспортунун өсүшүнө оң таасирин тийгизди. Корреляциялык анализдин жыйынтыктары (R = 0,9226) логистикалык инфраструктурага инвестициялардын көлөмү менен Кыргызстандын айыл чарба секторунун тышкы соода жүгүртүүсүнүн ортосунда күчтүү оң байланыш бар экенин тастыктады. Ошол эле учурда өлкө бюрократиялык тоскоолдуктар жана туруксуз экономикалык абал сыяктуу олуттуу көйгөйлөргө туш болууда, бул анын дүйнөлүк жеткирүү чынжырларына интеграцияланышын чектейт. Бул маселелерди чечүү үчүн бажы процедураларын реформалоо, жол инфраструктурасына инвестиция салуу жана заманбап логистикалык хабдарды түзүү зарыл. Гүлдана Осмонкулова экономика илимдеринин доктору, профессор Кыргыз мамлекеттик техникалык университети им. И. Раззакова 720044, Ч. Айтматов проспекти, 66, Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы ORCID Нурзада Тойбаева PhD докторант Кыргыз мамлекеттик техникалык университети им. И. Раззакова 720044, Ч. Айтматов проспекти, 66, Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы ORCID Жылдыз Батырбекова экономика илимдеринин кандидаты, доцент Кыргыз мамлекеттик техникалык университети им. И. Раззакова 720044, Ч. Айтматов проспекти, 66, Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы ORCID Гүлжан Асанакунова доцент Кыргыз мамлекеттик техникалык университети им. И. Раззакова 720044, Ч. Айтматов проспекти, 66, Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы ORCID Кубаныч Ибраев философия илимдеринин PhD, доцент Кыргыз мамлекеттик техникалык университети им. И. Раззакова 720044, Ч. Айтматов проспекти, 66, Бишкек шаары, Кыргыз Республикасы ORCID
Тологонов Азим Куралбекович
216 | 0
1
Жол кыймылын жана унаа токтотуучу жайларды башкаруудагы инновациялар
Аннотация: Тандалган теманын актуалдуулугу тез урбанизациянын өсүшү жана автотранспорт кыймылынын көбөйүшү шартында өзгөчө мааниге ээ. Шаардын жолдорунда унаалардын санынын олуттуу өсүшү транспорттук инфраструктура жана унаа токтотуучу жайлар менен байланышкан көйгөйлөрдү жаратты. Жол кыймылын жана унаа токтотуучу жайларды башкарууда смарт-технологиялар жана адаптивдүү башкаруу сыяктуу инновациялык ыкмаларды киргизүү ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана шаардык чөйрөнүн сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт. Электрондук паркинг системаларын жана башка инновацияларды колдонуу унаа токтотуучу жайларды башкарууну кыйла жакшыртып, шаарды тургундар жана коноктор үчүн жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылат. Ошентип, жол кыймылын жана унаа токтотуучу жайларды башкаруунун жаңы ыкмаларын изилдөө жана ишке киргизүү Бишкек шаарындагы инфраструктураны өнүктүрүү жана жашоо сапатын жогорулатуу үчүн маанилүү милдет болуп саналат.
Видео
04:49
Презентация лаборатории Ресурсоэффективной логистики производства Международной высшей школы логистики КГТУ им И Раззакова
04:16
Логистический потенциал: Все дороги ведут в Кыргызстан
04:13
IV Бишкекский форум по логистике: Концепция развития логистики и транспорта Кыргызской Республики до 2040 года
04:17
Выдающийся вклад в развитие логистики: награждение А.С. Уметалиева медалью «Данк»
04:55
Акылбек Жапаров принял участие в Центрально-Азиатском инвестиционном форум
04:01
Акылбек Уметалиев эфир на КТРК Изменения в госзакупках Биринчи студия
04:09
А. С. Уметалиев “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзам долбоорун парламентте талкуулоо
04:00
ПЕРВЫЙ ФОРУМ ПО РАЗВИТИЮ ЛОГИСТИКИ (Репортаж ЭлТР)
04:23
Профессор Акылбек Уметалиев об экономическом эффекте работы золоторудного комбината в КР
04:10
Комментарий Акылбека Уметалиева о запуске золоторудного комбината
04:09
Презентация открытия «Исследовательский центр логистики и государственных закупок»
Иш чаралар
...
31-03-2026
2026-жылдын 27-мартында Москва шаарында, Президенттик академиянын (РАНХиГС) базасында XII Эл аралык «LOGISTICS OPEN TOURNAMENT – 2026» студенттик турнири болуп өттү. ...
...
04-03-2026
И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Эл аралык жогорку логистика мектебинин «Логистика» багыты боюнча 3-курс студенттери Pannonia ...
...
13-02-2026
13-февралда Эл аралык жогорку логистика мектебинин 2- жана 3-курстарынын студенттери үчүн «Парадигма Транс» компаниясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ачык лекция ...
...
14-01-2026
2026-жылдын 10-январында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин студенттери Алматы шаарындагы Caspian University базасында өткөн «Universal Initiative for ...
Биздин иш-аракеттерибиз
Өркүндөтүү
жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик сатып алуулар жана алардын процесстери жөнүндө калктын маалыматка жана иш-чараларга жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу
Талдоо
мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы ар кандай кызыкдар тараптардын ортосундагы маалымат агымын жеңилдетүү
Байкоо
Кыргыз Республикасынын сатып алуулар тутумундагы жана практикасындагы өзгөрүүлөрдү байкоо жана аларды талдоо
Иштеп чыгуу
мурунку тажрыйбалардан жана алдыңкы тажрыйбалардан сабак алуу, келечектеги реформалар жана инновациялар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү
Биздин маалымат каттарды жөнөтүүлөргө жазылыңыз
жаңылыктар жөнүндө биринчилерден болуп билиңиз!